Бишкектеги Форумдун имаратында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги башталды. Митингге абактан бошотулган КСДП партиясынын мүчөсү Мээрбек Мискенбаев, УКМКнын экс-кызматкери Канат Сагымбаев, Фарид Ниязов жана мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышып жатышат.
Митингдин катышуучулары кечээки башаламандык учурунда талап-тоноочулукка жол беришкен жок деп белгилешти.
“Кимдир бирөө унааны өрттөп, тез жардам кызматынын фельдшерин сабап салган, бирок булар биздин тарапкерлерибиз эмес”, – деди Ирина Карамушкина.
Мээрбек Мискенбаев саясатчыларды бийликти жаштарга өткөрүп берүүгө чакырды.
Ал эми, Алмазбек Атамбаев митингчилердин алдына чыга элек. Маалыматка ылайык, ден-соолугуна байланыштуу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ