Menu

Ишкерлер менен дыйкандарды куураткан Абылгазиевдин өкмөтү

Бөлүшүү:

Кыргызстан Бажы союзуна киргенден кийин өндүрүлгөн продукцияларыбыз, жашылча-жемиштерибиз шериктеш өлкөлөргө үзгүлтүксүз чыгып турары боюнча шерденгенбиз. Андан бери канча өкмөт алмашты, баягы эле таз кейпибизден арыла албадык. Лабораториялар салынары, эл аралык стандартта соода-сатыкка кам көрүлөрү жагынан иш да башталып, дыйкандарыбызга шарттүзүлөрүн өкмөт далай жолу ишендирип келген.

Тилекке каршы, быйылкы жылда эле Кыргызстандан барган 300 тоннадан ашык жашылча, жер-жемиштер Россия, Казакстандан кайра артка кайткан. Себеби, товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыздыгы, талапка жооп бербегени кендирди кескен. Ишкер, фермерлерибиз жыл бою кара жер менен алышып, тапкан-ташыганын сыртка сата албаса, айыл чарба министрлиги шарт түзбөсө, качанкыга чейин чайналабыз? Бул жааттагы мурдагы өкмөтгүн катачылыктарын Мухамметкалый Абылгазиев оңдоп кете албады. Иштеп аткандай түр көрсөтөт, чогулуштун башында отурат, а жыйынтыгы кана? Азыр да элдин баары эс алууда жүрүшөт, көйгөйлөр айтыла элек. Сентябрдан тарта депутаттар жайкы каникулдан кайткан соң саясый майдан ысыйтго…

Учурда Абылгазиевдин негизги иш-аракети Көчмөндөр оюнуна бурулуп атканы байкалат. Албетте, төрт президент, бир премьер-министр жана жоон топ сыйлуу коноктор, жүздөгөн спортсмендер, эс алуучулардын калың катмары келиши күтүлүүдө. Кыргыз бийлиги уят болбой, эл аралык деңгээлдеги шартта тосо алабы?

Кыскасы, жайы менен депутатгарыбыз баш, өкмөтүбүз төш болуп, эмне иш бүтүргөндөрү белгисиз. Күздө Көчмөндөр оюну менен алаксып, Рыскелди Момбеков айткандай, андан ары «көпкөндөрдүн оюну» болуп, тойго кирип кетебиз. Кыш келгенде ТЭЦ кайрадан талкаланып, элдин шорун кайнатышпагай эле…

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: