Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматтары боюнча 2018-жылдын 5-февралы күнү саат 05:03тө эпицентрде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөөнүн очогу : Кыргызстандын аймагында, Алай кырка тоосунда, Сары-Могол айылынан 22 чакырым түштүк-чыгышка, Бар-Дебе айылынан 30 чакырым түштүк-батышка, Талды-Суу айылынан 24 чакырым түштүккө, Ачык-Суу айылынан 38чакырым чыгышка, Нура айылынан 83 чакырым туштүк-батышка, Ош шаарынан 112чакырым түштук-чыгышка карай жайгашкан
Жер титирөөнүн координаттары: : φ = 39.51°, λ = 72.95°
Жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү: Бар-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ