Menu

Зилалиевдин баласы, ата-энеси да кысымга алынуудабы?

Бөлүшүү:

Экс-президент А. Атамбаевдин учурунда Мамлекеггик мүлк фонду, Экологиялык жана техникалык инспекция сыяктуу майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп, эбегейсиз байып алган, үйүн тинткенде бир ЗИЛ доллар чыккан Дүйшөнбек Зилалиевдин азыркы абалы мышык ыйлагыдай. Тилекке каршы ал күнөөсүн моюнга алып, кыргыз элинен кечирим суроонун же жеген-ичкенин мамлекетке кайтарып берүүнүн ордуна “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп, жантыгынан жата калып актанууда.

Ушул жумада болсо анын атынан ага каршы козголгон кылмыш ишинин айланасындагы абал боюнча билдирүү жарыяланды. Анда Залилаевге туугандары жана жакындары аркылуу болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканы белгиленген. “Алсак, менин мүлктөрүмөн тышкары, мага таандык экенин далилдебестен эле дээрлик бардык туугандарымдын мүлкү камакка алынды. Атайын кызмат жакшылап териштирбестен эле эмнеге мынча шашып жатат? Мен ошол адамдардын реакциясын элестетип жатам. Бул маселени сотто чечишип алабыз деп ойлойм”,-деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары анда Залилиевдин туугандары менен ага таптакыр тиешеси жок адамдар менен компаниялардын дагы эсептери камакка алынганы жазылган. “Улгайып калган ата-энемдин пенсиялык эсебин жана туугандарымдын маяна ала турган карточкаларын камакка алышты. Тактап айтканда, алар пенсиясыз жана айлык маянасыз калышты”,- деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле Зилалиевдин былтыртан бери ооруп жаткан уулун чет өлкөгө чыгарбай жатышса, анда бийликтики деле туура эмес. “Сын за отца не отвечает” деген аксиоманы эч ким жокко чыгара элек. Балким, пенсиясыз калган ата-энесинде деле күнөө жоктур. Бирок өзү мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: