Menu

Фото — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү белгиленүүдө.

«Ала-Тоо» борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнүн 29 жылдыгына карата иш-чара өттү.

Иш-чара Кыргызстан элинин тарыхый жолу темасын ачып берген театрлаштырылган пролог менен башталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Мамлекет башчысы куттуктоосунда мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин баса белгиледи.

Иш-чара пандемияны эске алуу менен онлайн форматта, көрүүчүлөрсүз өттү. Чакырылгандардын арасында бүгүнкү күндүн баатырлары — медиктер, ошондой эле пандемиянын күчөп турган мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызмат кылган ички иштер органдарынын, ӨКМдин кызматкерлери, аскер кызматкерлери болду. Ошондой эле топтогон каражаттарын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн берген ыктыярчы-балдар бар. Мамлекет башчысынын атынан балдардын ар бирине планшет белекке берилди.

Иш-чара башталардын алдында Президент балдар менен баарлашып, алардын окууларына ийгиликтерди жана бакыт-таалай, ойлогон максаттарынын аткарылышын каалады. «Силерге окшогон патриот жана билимдүү балдар көп болсун. Силер — Кыргызстандын келечегисиңер», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнүн 29 жылдыгына карата иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышышты.

Кечинде Бишкек шаарында майрамдык фейерверк болот.

   

   

   

   

   

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: