Menu

Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер: “Солтон-Сары боюнча Атамбаев менен Зилалиевди аеосуз таш бараңга алыш керек”

Бөлүшүү:

Кимдерди “таш менен уруш керек” так билип алсак кантет. Солтон-Сарыда эл чогулуп ал жердеги алтын кенинде иштеп жаткан кытайларды ташка алып кууп чыгышты. Кен иштеткендергеби, башка иш менен келген чет элдиктергеби минтип жергиликтүү элдин каршы чыгышы биринчи жолу болуп жаткан жок. Акыркысы да эмес окшойт.

Маселени терең ойлонолучу. Мисалга кыргыздар да көптөгөн чет өлкөлөрдө мигрант болуп иштеп жүрүшөт. Арасында ар кандай ишкана ачып, түрлүү курулуш куруп иштеткендери да бар. Анан эле бир күнү ошол аймактагы жергиликтүү эл чогулуп келишип аларды ташка алып кууп жиберишсе, баштаган иштери калып, техникалары бүт талкаланса, канча чыгымга батып банкрот болушуп күйүшсө жакшы болобу? Ошол кыргыздар эмне дейт эле? Абалдары кандай болмок? Деги эле Солтон -Сарыда иштеп жаткан кытайлардын күнөөсү канча? Алар болгону табылган ишке кубанып иштеп жатышкан аткаруучулар да. Күнөөкөрлөр таптакыр башкалар болуп жатпайбы.
Ким Солтон-Сарыдагы алтын кенин казууга уруксат берди? Келишимди ким түздү? Кандай түздү? Экологияны коргоо, жергиликтүү элдин кызыкчылыгын кароо, жаратылышка зыян келтирбей таза иштөө маселелери кандай чечилди эле? Аларды кимдер чечти эле? Ушул суроолорго ким жооп берет?

Солтон-Сарыда өз иштерин кылып жаткан кытайлар күнөөлүү эмес, так ошол аларга кенди касууга уруксат бергендер күнөөлүү да. Эми Солтон-Сарыдагы кенди касууга макулдук берген документтер жөнүндө маалыматтарды карасак түбү кайда барып жатат? Бүгүнкү күндө түрмөдө камалып жаткан Д. Зилалиев деген мырзага барып такалат. А.Атамбаевдин президент болуп турган учуру экен.

Мейли нарындык туугандар кытайларды кууп чыгышты. Экинчи кадам катары Кой-Ташка келип А.Атамбаевден сурашса кантет. Жеке эле нарындыктар эмес таластыктар, чаткалдыктар, ала-букалыктар, баткендиктер бардык аймактардагы кен казууга каршы чыккандар чогулуп келишип сурашпайбы.

“Алмаз мырза сен президент болуп турганда Кыргызстандын жери талоонго учураптыр. Мыйзамсыз лицензиялар аябай көп берилиптир. Эмне себептен мындай болду эле? Корооңузга болсо бизге деп даярдап таш түшүрүп коюпсуз. Ушул таштар менен кимдерди урсак? Күнөөкөрлөр кимдер? Ачык айтыңызчы?”- деген суроо койушса кантет. Ошондо Атамбаев өзү эле ИИМ түрмөсүнө кире качмак. “Айланайындар тигил жакта эл мени таш бараңга ала турган болуп калды. Андан көрө мени бул жакка эле тынч камай тургулачы”- демек.

Кайталап айтайын күнө куураган турмуштун азабынан жан багат элем деп келип өздөрүнө тапшырылган ишти иштеп жүрүшкөн мигрант кытайларда эмес. Күнө бир кезде бийликте тургандар оңду- солду кыргыз жерин бычып бөлүп тараткан, “Каалашынча каза бер”- деп лицензия берген А.Атамбаев менен ошол кезде чогуу иштешкен Д.Зилалиевге окшогондордо. Ошолорду айоосуз таш бараңга алыш керек. Таш аткычтар ушуну түшүнүп алгыла.

Чолпонбек Абыкеев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: