Menu

Түндүк-Түштүк альтернативалык жол жана Бишкек – Кара-Балта жолу жөнүндө маалымат

Бөлүшүү:

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолдо курулуп жаткан эки эстакадалык көпүрө, узундугу 3850 метр болгон туннель жана ошондой эле Бишкек – Кара-Балта авто жолундагы 4 жана 6 тилкелүү асфальт жолдун курулушу тууралуу маалыматы тартуулайбыз.

Быйылкы жылы КР Президенти тарабынан жана ошондой эле Өкмөт койгон тапшырмаларды аткарууда жол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Жогоруда айтылган эки проект КР транспорт жана жол министри Жанат Байшеновдун көзөмөлүндө болуп, ар бир мүмкүнчүлүк болгон учурда министр аталган проекттерге барып, сапаттуу жана убактысынан калбагыдай иш жүрүшү тууралуу көзөмөлдөп турат.

Түндүк менен Түштүктү бириктирген альтернативалык Түндүк – Түштүк авто жолунун жалпы узундугу 150,9 км Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолунун 1-фазасын куруу, Кызыл-Жылдыз а. – Арал а.(183 км – 195 км) жана Казарман а.- Жалал-Абад ш. (км 291-433) участоктору, Көк-Арт ашуусундагы 3,8 км жаңы тоннелин кошкондо.

Узундугу: 150,9 км, алардын ичинен:

Жаңы курулуш: 71,9 км

Реконструкция: 79 км

Донору: Кытай Экспорттук-Импорттук Банкы

Насыянын суммасы: 399,9 млн. АКШ долл.

Консультанты: «Кыргыздортранспроект» ДИИ

Подрядчысы: «Чайна Роуд энд Бридж Корп.»

Курулуш иштеринин мезгили:

2014-2021 ж.

Курулуштун жүрүшү:

Участок 1. Кызыл-Жылдыз – Арал, узундугу 12,4 км, толугу менен 2016-жылдын курулуш сезондун ая-гында бүткөн. ДЭУ №24 тараоынан эксплуатацияга алынган.

Участок 2. Казарман – Джалал-Абад, узундугу 138,5 км, анын ичинде Көк-Арт ашуудагы тоннель.

Төмөнкү асфальт жана бетон жабуусу төшөлдү:

Алдыңкы катмары – 108 км, калыңдыгы 9 см;

Үстүнкү катмары -102 км, калыңдыгы 6 см.

2019-жылдын курулуш сезонунун башталышы менен 3 чакырым асфальтобетон катмары төшөлдү.

Тоннелди казуу галереяны кошуп:

түштүк порталында – 941 м, штольня – 1056 м.

түндүк порталында – 1580 м, штольня -1729 м.

2019-жылдын башынан азыркы күнгө чейин түштүк порталынан 199 метрге, түндүк порталынан 227 метрге казуу иштери аткарылды.

Азыркы күндө аталган тоннель заманбап жана коопсуз, ошондой эле акыркы жылдарда ири масштабдуу курулуш иштеринин бири.

Аткарылган иштердин жалпы суммасы 283 млн. АКШ долларын түзөт (70,8%).

Азыркы учурда долбоор участкаларында куруу иштери толук масштабда жүрүүдө.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 2-фазасын куруу, узундугу 99 км Арал а- Казарман а.(км 195-291) чейинки участок.

Узундугу: 99 км

Жаңы курулуш: 86,03 км (87%);

Реконструкция: 13,2 км (13%).

Донору жана Насыянын суммасы:

Кытай Экспорттук-Импорттук Банкы: 185,2 млн. АКШ долл.

Кытай өкмөтү: 697,6 млн. кытай юан (болжолдуу 113,5 млн. АКШ долл.)

Насыянын жалпы суммасы:

болжолдуу 298,7 млн. АКШ долл.

Консультанты: «Кыргыздортранспроект» ДИИ

Подрядчысы: «Чайна Роуд энд Бридж Корп.»

Курулуш иштеринин мезгили:

2016-2021 ж.

Курулуштун жүрүшү:

Төмөнкү асфальт жана бетон жабуусу төшөлдү:

— Алдынқы катмары 46 км, калыңдыгы 9 см;

— Үстүнкү катмары 34 км, калыңдыгы 6 см.

2019-жылдын курулуш сезонунун башталышы менен 10 чакырым асфальтобетон катмары төшөлдү.

Долбоор участкасында жалпы узундугу 1472 км 2 эстакадалык көпүрө курулуула.

1. 282 кмдеги Эстакадалык көпүрө, узундугу 1076 м, андагы 76 сваянын ичинен 70 куюлду, мындан тышкары бийиктиги 20 метр болгон 36 ичинен 19 таянычы көтөрүлүүдө, 13 таяныч бүтүрүлдү. 65 балка бетондолду.

2. 285 кмдеги узундугу 396 метр болгон Эстакадалык көпүрө, 38 свайдын баардыгы бүткөрүлдү жана орто бийиктиктеги 20 метр болгон баардык 19 таянычы көтөрүлдү. Ошондой эле, 72 балка бетондолуп, орнотулду (18 пролет).

Долбоордо балкаларды бириктирүү боюнча иштери жүрүп жатат.

Узундугу 1472 метр болгон 2-эстакадалык көпүрөлөрдүн курулушу, ар кандай өлчөмдөгү тегерек жана тик түтүктөр менен, тоолордун боорунда аткарылат. Эстакадалык көпүрөлөрдүн таянычтардын суу астындагы тереңдиги 40 метрге чейин жетет жана жер үстүнө бийиктиги 36 метрге жетет. Түтүктөрдүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн бийиктиги 5-6 метр болгон коктунун туурасы бою тирөөчү дубалдар менен бекемделет. Аткарылган иштердин жалпы суммасы 216 млн. АКШ долларын түзөт (72,6%). Азыркы учурда долбоор участкаларында куруу иштери толук масштабда жүрүүдө.

Түндүк – Түштүк альтернативалык жолдун өзгөчөлүктөрү

Түндүк-Түштүк альтернативалык жол татаал климаттык шарттары менен болгон алыскы тоолуу жана өтө бүдүр аймактарында жайгашып, экинчи техникалык категорияда жаңы жолду куруу жана реконструкциялоо, ошондой эле, тоо тектеринин ар кандай топурактарынын катуулугу каралган. Долбоордун участкаларында унаа жүрүүгө мүмкүн болгон жолдордун жоктугу да себеп.

Жол жалпы узундукта унаа каражатынын максималдык октук басымы 11,5 тонна эсептелген, жана асфальт-бетондун калыңдыгы 15 см (астыңкы катмар 9 см, үстүнкү катмар 6 см), үстүнкү катмары (ЩМА) шагыл мастикалык асфальтбетон менен төшөлөт, бул Кыргызстандагы кескин континенталдык климат шарттарында жаңы туруктуу материалдар болуп саналат.

Деталдаштырылган долбоорго ылайык, жер иштерине багытталган курулуш иштеринин негизги суммасы 29 % түзөт, тоннелди куруу 34% жана жол кийими 29%. Курулуп жаткан тоннелге карата: Автожол тоннели курула турган район Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областында, Түндүк-Түштүк автомобиль жолунун ашуудагы участкасында жайгашкан, ал жерде жол жок, ошондуктан тоннелди кура турган жерге жеткичекти бир жыл ичинде эки тарабынан тең 40 км жолдорду куруу талап кылынды. Административдик-аймактык жагынан тоннель Жалал-Абад областынын эки районунда Тогуз-Торо (автожолдун түндүк тарабындагы участкада) жана Сузак (автожолдун түштүк участкасында) жайгашкан, аймакты шарттуу бөлүү чек арасы деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте, Фергана жапыз тоосунун үстү менен өтөт. Автожол тоннели төмөнкүдөй техникалык мүнөздөмөгө ээ:

— автомобиль жолунун техникалык категориясы – II;

— тоннель боюнча кыймылдын эсептелген ылдамдыгы – 60 км/час.

— кыймылдын тилкелеринин саны – 2;

— тоннелди жабдуунун түрү – капиталдык (асфальтбетон);

— жыйырма жылдык мезгилге автотранспорттун кыймылынын келечектеги орточо суткалык интенсивдүүлүгү – 12477 авт./сут;

— тоннелдин жабдуусунун өрткө туруктуулугу СНиП32-04-97 (К90) ылайык. Ар бир порталдагы курулмалардын порталдык комплекси өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

Тоннелге аба киргизүү үчүн каналдар курулган башкы желдетүүчү вентилятор жана тоннелде өрт чыккан учурда түтүндү айдоочу каналдар жайгашкан вентилятордук имарат, өрткө каршы курал-жарак, жабдуулары бар насостук станция, таяныч камерасы жана сервистик штольня үчүн жөө жүрүү галереясы, ошондой эле, кошумча жабдууларды жана электр жабдууларын жайгаштыруу үчүн кошумча жайлар. Бул тоннель азыркы күндө заманбап жана коопсуз, ошондой эле, акыркы жылдардагы масштабдуу курулуштардын бири болуп эсептелет.

Экинчи фаза боюнча төмөнкүлөр караштырылган:

—узундугу 86,03 км жаңы автожолду куруу;

—узундугу 13,2 км иштеп турган автожолду кайра куруу;

—узундугу 1472 метрден кем эмес 2 эстакадалык көпүрөлөрдү куруу, жантаймаларга орнотуу үчүн тегерек жана туз бурчтуу ар кандай өлчөмдөгү түтүктөрдү куруу. Эстакадалык көпүрөлөрдүн таянычтарын куруу тереңге 40 метр, көпүрөлөрдүн таянычтарынын бийиктиги 36 метрге чейин жетет. Түтүктөрдүн бекемдигин камсыздоо үчүн сыртка чыккан жеринде таяныч дубалдары менен бекемделген, колоттун толук кендигинде бийиктиги 5-6 метрге чейин жетет.

Деталдаштырылган долбоорго ылайык курулуш иштеринин негизги суммасы 53% жер иштерине багытталган, эстакадалык көпүрөлөрдү куруу 10% жана жол кийими (жолго керектүү белгилер ж.б.) 22%. Жол кийими Түндүк – Түштүк автожолунун бардык узундугунда 11,5 тонналык бир жүк огундагы жүккө эсептелген жана асфальтбетон жабуусу 15 см калыңдыкта (төмөнкү 9 см, жогорку 6 см), ошонун өзүндө, жабуунун жогорку катмарына шагыл-мастикалык асфальтбетон төшөлгөн (ЩМА), ал Кыргызстандын кескин континенталдуу климатынын шарттарында көбүрөөк туруктуу жаңы материал болуп эсептелет. Автожолду жаңы куруу жер иштеринин чоң көлөмүн талап кылат. Жаңы жолду куруу боюнча өндүрүш иштеринин процессинде техникаларды, материалдарды жеткирүү жана долбоорду ишке ашыруу боюнча жумуштарды уюштуруу үчүн чыйыр жолдор узундугу 450 км жана убактылуу көпүрөлөр курулган. Мурда калыбына келтирилген жолдордон айырмаланып жер полотносунун кеңдиги бул жерде 12 метрден 15 метрге чейин көбөйтүлгөн, өтүү бөлүгү 7 ден 7,5 метрге чейин бекемдөөчү тилкелери 8 мден 9 мге чейин, ошого ылайык суу өткөрүүчү тутүктөр узартылган. Калк жайгашкан пунктардын чегинде 4 тилкелүү өтүүчү бөлүгун куруу, тротуарлардын, аялдамалардын, күркөлөрдүн көп жайгашуусу жана аймакты жашылдандыруу каралган. Андан сырткары долбоордо асфальтбетон аралашмасынын инновациялык ыкмасын колдонуу менен даярдалган асфальтбетон аралашмасы, шагыл-мастикалык асфальтбетон (ЩМ А-20) караштырылган, ал Кыргызстанда биринчи жолу пайдаланылып жатат. ШМ Анын (шагыл-мастикалык аралашма) кадимки асфальтбетон аралашмаларынан айырмасы – ысык шагыл-мастикалык аралашма болгондугу, ал асфальтбетон аралашмасынын өзүнчө түрү болуп эсептелет.  ШМАны колдонуп салынган же кайра калыбына келтирилген жолдор, салттуу асфальтбетон төшөлгөн жолдорго караганда жогорку пайдалануу касиеттерин көрсөтүп жатат. Европа мамлекеттеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөр шагыл-мастикалык асфальт-бетондун узак мөөнөткө туруштук берээрин жана транспорттук агымдын, аба ырайынын жана жаратылыштын таасиринен бат жешилбен турганын далилдеди. Андан сырткары, мындай ыкма жарака жана башка бузулуулардан сактайт. Шагыл-мастикалык асфальтты стабилдештирүүчү кошумча зат биздин өлкөдө чыгарылбайт, ошондуктан башка өлкөлөрдөн ташылып келип жатат. ШМАны даярдоо технологиясы кадимки асфальтбетон аралашмасын өндүрүүгө караганда татаалыраак.

Барэк 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун Бишеке – Ош автожолу, 4-фаза. Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоосу

(15,9 – 61 км участогу) боюнча сөз кылсак.

Курулуш иштери:

Консультанты: Еptisa Servicios de Ingenieria. S.L.

Контракттын жалпы суммасы: 4,65 млн. АКШ доллары

Подрядчы: Сһіnа Rаіlwау №5 (Кытай)

Контракттын жалпы суммасы:

70,23 млн. АКШ доллары

Курулуш иштеринин башталышы: 2017-жыл.

Долбоордун бүткөрүлүшү: 2021-жыл.

Курулуштун жүрүшү:

— 233160 м3 жол катмарларынын түбүн куруу бүтүрүлдү (22,8 км);

— 79 681 мЗ негизги жол катмарын төшөө бүтүрүлдү (21,6 км);

— 41054 мЗ кара шагыл төшөө бүтүрүлдү (20,6 км);

— 33 829 мЗ асфальтобетондун астыңкы катмарын төшөө бүтүрүлдү (17,8 км);

— суу өткөрүүчү түтүктөрүн куруу иштери d=1.5м – 40,5 даана, 0.8х0.8 – 90 даана, 2.0х2.0м -1 даана жана 05×0.5 -19 даана бүтүрүлдү;

— Жыламыш көпүрөсүндө 96% иштери бүтүрүлдү;

— Жантай көпүрөсүндө 45% иштери бүтүрүлдү;

— Сокулук көпүрөсүндө 84% иштери бүтүрүлдү;

— Крепостной көпүрөсүндө 20% иштери бүтүрүлдү;

— Ак-Суу чоң көпүрөсүндө 50 % иштери бүтүрүлдү;

— Ак-Суу кичи көпүрөсүндө 90 % иштери бүтүрүлдү;

Жөө жүрүчүлөрдүжер астынан өткөрүү жайы

— 33,091 км участогунда 90% иштери бүтүрүлдү;

— 37,52 км участогунда 90% иштери бүтүрүлдү;

— 55,41 км участогунда 90% иштери бүтүрүлдү;

— 57,41 км участогунда 90 иштери бүтүрүлдү;

— 59,64 км участогунда 90 % иштери бүтүрүлдү.

— 259 даана электр-линиялардын таянычын көчүрүү жана жаңысын орнотуусу (ЛЭП) бүтүрүлдү;

— 336 даана байланыш линиялардын таянычын көчүрүү жана жаңысын орнотуусу (ЛС)  бүтүрүлдү.

Подрядчынын 2019-жылдын куруу иштеринин иш-планы негизинде:

— 20,32 км жалпы узундугунда жер иштерин жана асфальтобетонду төшөө иштерин бутүрүү каралган;

суу өткөрүүчү түтүктөрүн куруу иштери d=1.5 м – 25 даана, 0.8х0.8 – 48 даана, 2.0х2.0м -1 даана жана 0.5х0.5 -196 даана бүтүрүү каралган;

5 көпүрөнүн куруу иштерин бүтүрүү каралган;

Жөө жүрүүчүлөрдү жер астынан өткөрүү жайынын 4 даанасын оңдоо жана 6 даанасы куруу каралган;

20 км узундукта темир бетон лотокторун орнотуу каралган.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: