Menu

Кашкар Жунушалиев, ИИМ министри: “Данияр Абдыкаровдун Россиядан уурдалып келген автоунааларга тиешеси жок”

Бөлүшүү:

“Менин мурунку орун басарым Данияр Абдыкадыровдун Россиядан уурдалып келген автоунааларга эч кандай тиешеси жок. Ал иштеп турганда социалдык тармактарда “Данияр Абдыкаров Россиядан кымбат баалуу автоунааларды уурдап келип Кыргызстандагы жогорку кызматты ээлеген кишилерге арзан баада саткан кылмыштуу топко “крыша” болуп кызмат кылат деген маалымат тараган. Бирок ал тастыкталган эмес. Биздин тергөө кызматында Россиядан уурдалган автоунаалар боюнча бир нече кылмыш иштери иликтенүүдө, бирок Абдыкаровдун алардын бирине да тиешеси жок”, –  деп билдирди бүгүн, 24-июлда КР ИИМде өтүп жаткан үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

“Данияр Абдыкаров ИИМдеги министрдин орун басары кызматынан өзү жазган рапортунун негизинде алынды. Ага чейин ал ИИМдин жетекчилигинен уруксат албай туруп үй бүлөсү менен Түркияга эс алууга чыгып кетип мыйзамды бузгандыгы анык. Эреже боюнча ал өзүнүн чет өлкөгө кетип жатканын ИИМдин жетекчилигине билдирип, урукскат алышы керек эле. Абдыкаров аны жасабай туруп кетип калган”, – деди генерал Жунушалиев.

Бүгүнкү маалымат жыйынында КР Ички иштер министри, милициянын генерал-майору К. Джунушалиев, министрдин орун басарлары, борбордук аппаратынын кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын,  башкармалыктарынын,  окуу жайларынын, өз алдынча бөлүмдөрдүн,  Бишкек ШИИББнын, Чүй ОИИББнын башчылары катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: