Социалдык түйүндөргө «Лирика» деп аталган маңзатты сатууга айыпталган Ташкенттин эки тургуну белгисиз адамдар тарабынан сотсуз жазаланып жатканы тартылган тасма жарыяланды. Алардын бирөөсү белгилүү спортчу экени айтылууда.
Видеого маңзат сатууга айыпталган эки эркектин камера алдында ич кийимчен турганы жана моюндарында кечирим суроо сөздөрү жазылган кагаздар илингени тартылган. Кадр сыртында кармалгандардын коом алдында кечирим суроосун талап кылып, аларды кемсинтип жаткан адамдардын үндөрүн угууга болот.
Социалдык түйүн колдонуучуларынын көбү өз алдынча жазалоо уюштурган жарандарды айыпташып, маңзат саткандар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилиши керек болгонун белгилешүүдө.
Былтыр сентябрда Ташкентте «Лирика» деп аталган дарыканада сатылчу маңзат популярдуу болуп жатканын кабарланган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Өзбекстан борборунун көчөлөрүндө ал экстази таблеткаларынан кыйла арзан турары аныкталган.
Былтыр өлкөнүн Республикалык наркологиялык борбору «Лирика» таблеткаларына берилген жарандардын саны кескин көбөйгөнүн билдирген. Бирок өзбек Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Маңзатын көзөмөлдөө комитетинин төрагасы Исматжон Азизов өлкөнүн Кылмыш кодексинде «Лирика» жана «Трамадол» сыяктуу маңзаттарды сатуу үчүн эч кандай жаза каралбагандыгын, мындан улам аларды токтотуу оор болуп жатканын айткан.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ