Menu

Алиязбекти ар бир күнү кандай ойлор коштоп жүрөт?

Бөлүшүү:

11-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге тургузулган айкелдин ачылышы болду. Алардын арасында Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров, мурдагы жаштар министри, Апрель революциясынын баатыры Алиязбек Алымкулов жана авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубеков сыяктуу көзү тирүүлөр бар.

Айрыкча, Алиязбек тууралуу түрдүү пикир жаадырып, эки күн уу-дуу болдук. Айрым журналисттер: «Олда, Алиязбек байке, ай! Канткен менен көөдөн кенен да… Эгер 7-апрелдеги революция максатына жетсе да бир жөн эле», «Ата Бейиттен» да орун алып койсо керек» деген өңдүү толгон-токой шакабалуу пикирлерди да жаадырышты.

Ал арада коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев «Алиязбек баатыр катары даңкталууга татыктуу. Ал 2010-жылдын 7-апрелинде кай бирөөлөрдөй болуп, «эмне болуп атты экен?» деп оозун ачып барып капысынан ок жеп жаракат алган эмес, Алиязбек акыл-эси менен, ички жандүйнөсү менен күрөшкө чыккан. Өзү эле эмес, достору, жолдоштору менен чогуу чыгышкан. Башына бир эмес, эки жолу ок тийген, бир ок маңдайынан кирип, кежигеден чыгып кеткен. Ажалы жок экен… Жаштар министри катары жакшы аракеттерди жасады, колунан келишинче жан үрөп иштеди. Мына азыр дагы эл үчүн деп змгек кылып жүрөт» деген пикирин айтты. Алиязбек Алымкуловду жакындан тааныгандар 7-апрель күнү үй-бүлөсү менен коштошуп, энчилерине чейин бөлүштүрүп, башын канжыгага байлап кеткенин айтышат.

«Ошол шылдыңдуу кепти айткандар 7-апрелде ок жаап турган учурда, өлүм менен өмүрдүн сааты жүрүп турган учурда кайда, эмне кылып жатышты экен?» деген ойго келесиң. Эми кептин ток этер жерине токтолсок, башына, мээсине эмес, башка дене мүчөлөрүнө ок жеген, бирок аман калган канча азаматтарыбыздан кийин айрылып калдык. Октун уусу акыры алардын жанын алып тынды.

Ал октун жараатынан каза болгон баатырларыбыздын биринин жубайы Абдиева Айсынайдын бир ирет айтканы эсимде: «7-апрелде ок жеген баатырлар менен жолугуп, кээде сүйлөшүп отуруп калабыз. Бир ирет Алиязбектин кабинетине кирип калдык. Ал ар бир күнүндө, өмүрүнүн ар бир ирмеминде ачык болбосо да, ички сезими менен үй-бүлөсү, бала-бакырасы менен коштошуп кетет экен. «Бул күнү аман келемби? Бала-бакырамды аман-эсен көрөмбү?» деген сезимдер коштоп жүрөт экен» деген.

«Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар» дегендей, өлүмдөн арабызга кайтып келген баатыр жан-дүйнөсүндө, сезиминде кандай ойлор менен алпурушат, ким билсин? Шылдыңдуу пикирибизди коюп, ден соолук, узун өмүр тилейли демекчимин. Кай жакты караба, түрдүү көйгөйлөр башыбыздан ашат. А биз болсо Алиязбек Алымкуловду көйгөй кылып көтөрдүк. Талкуу өткөрдүк, таладык, замандашым…

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: