Заман агымы улам бир артыкчылыктарды адамзатка тартуулап жатат. Кай тармакта болсун өсүш бар. Азыр адамзат баардык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Болгону фантазия жана мыкты сапат керек. Мындай шарттардан биздин өлкө да куру эмес. Башка аймакты айтпасак да Бишкекте күн сайын өзгөрүү бар. Айрыкча курулуш тармагындагы атаандаштык шаарды өзгөртүүгө багыттап бара жатканы жашыруун эмес. Ошол эле учурда атаандаштык менен биринен бири өзгөчөлүк, жаңылык киргизүүгө кадам шилтешүүдө. Бир учурларда союздан калган мончолордо жуунуп келсек, кийинчерээк «С легким паром», «Байтур» сыяктуу мончолор пайда болгон. Андан кийин алардан өзгөчөлөнгөн «Кристалис» аталышындагы мончону Таалай Курткаев аттуу ишкер жигит ишке киргизген. Эми ушул Таалай мырза «Сумбуле» (Sumbule) аталышындагы элиталык мончону ишке кирзүүнүн алдында турат. Бул мончо Орто Азияда жок мончо болот деп көрүүгө ашыккандар арбын. Денеңизди гана жууп чайыбастан жан дүйнөңүздү да бууга олтуруп, сууга түшүү менен аруулаңыз! Жакында жалпыбыз күбө болобуз.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ