Сырткы карыз дегенде келечек муундун жашоосу жана кертилип кете бере турган мекенибиз көзгө элестейт. Мындан улам бул көйгөйдү азыртан чечүү демилгесин көтөргөндөр чыгууда. Алсак, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Кыргызстандын сырткы карызын төлөө үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом котороорун жар салган. Андан көп өтпөй эле Камчыбек мырза эгер бул демилге иш жүзүнө аша турган болсо бир миллион эмес, 10 000 000 (он миллион) сом берээрин кошумчалады. Жолдошбаевдин бул демилгесин колдоого алалык. Балким, Камчыбек мырзага окшоп дагы канча деген байлар кең пейилдик кылышса келечек муундун камын көргөн болот элек деген ойго келесиң…
Булак: De – Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ