Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-кеңсесинде кыргыз боз үйү тигилгенин 15-ноябрда ТИМдин маалымат департаменти билдирди. Бул Кыргызстандын маданият мурасын жайылтуу максатында бет ачары болгон. 2019-жылдын 12-17-ноябрь күндөрү ЮНЕСКОнун генералдык конференциясынын 40-сессиясын утурлай КРнын делегациясы кыргыз боз үйүн тигип олтурат.
ЮНЕСКОнун башкы директору Одре Азуле кыргыз меймандарга абдан ыраазы болду. Боз үйдүн ичин конференциянын катышуучулраы тажик президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын вице премьери Абдухакимов, Канаданын, Кытайдын, Малайзиянын, Камбоджанын, Кувейттин, Швециянын билим берүү жана маданичт министрлери көрүп чыгышты.
Азыр Генконференциянын ишине 195 өлкөдөн келген 5 миңден ашык киши катышып жатат. Боз үй менен кыргыз шырдагы адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ