“Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду буга чейин ири ишкерлерди жана бай адамдарды гана жеңилдетилген шарттарда каржылап келген, эми мындай болбойт” – деп билдирди президенттин м.а. премьер-министр Садыр Жапаров жергиликтүү телеканалга берген маегинде.
“Фонддо насыялар толугу менен туура эмес берилген учурлар болгон. Биз ушул учурдун бардыгын тактап жатабыз. Учурда мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн фонддо текшерүү иштери жүрүп жатат”, – деди ал.
Анын айтымында, өкмөт өзү өнөктөштөрүнөн акча ала элек.
“Фонддо азырынча акча жок”, – деп кошумчалады Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ