Menu

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

«Сиздин туулган күнүңүздүн урматына арналган чын жүрөктөн чыккан калоо-тилектеримди жана куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Сизге чын дилимден бекем ден-соолук, бакыт жана мамлекеттик ишиңизде жаңы ийгиликтерди каалайм.

Сиздин алдыга койгон максаттарга жетүүгө умтулгандыңыз Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсүнө мындан ары дагы кызмат кылат деп ишенем.

Тажик-кыргыз мамилелери тарыхтын тереңине кеткен биздин элдердин ортосундагы  достук, ынак кошуналык жана өз ара түшүнүшүү салттарын чагылдырат.

Биз эки тараптуу актуалдуу маселелерди өз ара пайдалуу негизде чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө ар дайым даярбыз.

Биз ишенимдүү жана тыгыз саясий диалогдун негизинде биргеликте мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы достук жана көп пландуу кызматташуу мамилелердин өнүгүшүн камсыздай алабыз деп ишенем», — деп белгиленет Тажикстан Президентинин куттуктоосунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: