Menu

Путин пандемия маалында Москвада парад өткөрүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өтүп жатат.

Экинчи дүйнөлүк согушта нацистик Германиянын жеңилишине арналган аскер парады жыл сайын салттуу түрдө 9-майда өткөрүлүп келген. Быйыл Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу анын датасын жылдырууга аргасыз болгон.

Бул иш-чара 1-июлга белгиленген референдумдун алдында өтүүдө. Конституцияга киргизилген толуктоолор колдоо тапса, Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат.

Москванын мэри Сергей Собянин буга чейин шаар тургундарын үйлөрүндө болуп, парадды теле аркылуу көрүүнү сунуштаган.

Орусиядагы бир нече шаар жетекчилери да парад өткөрүүгө камынып, бирок кийинчерээк бул чечимдеринен баш тартып же аны көрүүчүлөрсүз уюштурууну чечишкенин жарыялашкан.

Быйыл парадга Франция, Чехия, Хорватия жана Кытай президенттери катышууну пландаган. Пандемияга байланыштуу парад 9-майдан 24-июнга жылдырылгандан кийин алар сапардан баш тартышты. Ушул тапта ага Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстан президенттери катышууда. Москвага Эл аралык коомчулук тааныбаган Абхазия жана Түштүк Осетиянын жетекчилери жана Босния менен Герцеговинанын жамааттык президиумунун мүчөсү Милорад Додик да келди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: