23-июнда Биринчи май райондук соту мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүм чыгарды.
Судья Эмилбек Кайыпов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратты. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан дагы ажыратуу өкүмү чыкты.
Коомдук ишмер Клара Сооронкулова журналисттерге билдиргендей, бул соттук отурумга жана анын жабык эшик артында өткөрүлүшүнө байланыштуу суроолор болгон жана боло берет.
“Бул сот жараяны жабык өткөрчүдөй иштердин категориясы эмес. Эгерде Кой-Таш окуясы боюнча иште бир нерсени жашыруу керек болсо, бул иште жашырчу эч нерсе жок,” – деп белгиледи Клара Сооронкулова.
Ошондой эле, ал жазаны тергөө менен кызматташууга барбаган адамдар гана алганын белгиледи. Айыпталуучулардын саны көп болчу, бирок алар тергөө менен кызматташып, жеңил жаза алышты. Анткени, алар сотто өздөрүнүн актыгын коргоодон коркушат.
“Атамбаевдин өзүнүн гана эмес жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүн конфискациялоо маселеси көтөрүлүп жатат. Бирок бул практиканы Атамбаев өзү эң биринчи ишке ашырган. Экс-депутат жана экс-мэр Нариман Түлеевди соттогондо өзүнүн, атасынын, балдарынын үй-мүлктөрүн да конфискациялап алышкан” – дейт Клара Сооронкулова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ