Күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын 2017-жылдагы чемпиону Бекзат Жаныбековду Бишкекте бычактап өлтүрүп кетишкен. Анын сөөгү 4-сентябрда кичи мекени Сузак районунда жерге берилди. Бул тууралу анын досторуна шилтеме берип бир нече ММКлар жазып чыгышты.
Бекзат Жаныбеков 2017-жылкы күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын чемпионатында 90 кг чейинки салмактагылардын ичинде өлкөнүн чемпиондугун жеңип алган. 2018-жылы кикбоксинг жана күжүрмөн самбо боюнча өтө берилүү менен машыгып жүргөн.
Ага бычак сайган жаран 1985-жылы туулгандыгы жана азыр укук коргоо органдарына таптырбай качып жүргөнү айтылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ