Menu

Жаңы президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын 2017-жылдын 31-октябрында расмий жарыялагандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 58-беренесин жетекчиликке алып, токтом төмөндөгүдөй кылынат. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

1. Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка расмий киришүү күнү 2017-жылдын 24-ноябры деп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары – уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Уюштуруу комитети:
– аземди даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасын иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле өткөрүүнүн ордун жана аземге чакырылуучу адамдарды аныктасын;
– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте аземге катышуу үчүн чет элдик делегацияларды чакырууну камсыз кылсын;
– аземди өткөрүү менен байланышкан башка маселелерди чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аземди өткөрүү менен байланышкан чараларды ишке ашырууну жана уюштуруу комитети аныктаган көлөмдө финансы каражаттарын бөлүүнү камсыз кылсын.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы

Усенов Алмазбек

Туратбекович

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Абдыгулов Толкунбек

Сагынбекович

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Ибраев Саматбек

Кулукеевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Аппаратынын Жетекчиси,   уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Ниязов Фарид Абилезимович

Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти С.Ш. Жээнбековдун өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Разаков Жениш

Парпиевич

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

Илмиянов Икрамжан

Саттарович

Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси;

Мамыров Эркинбек

Тобокелович

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Конституциялык палатасынын төрагасы;

Абдылдаев Эрлан

Бекешович

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Исраилов Улан

Джумабекович

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Касымалиев Адылбек

Алешович

Кыргыз Республикасынын финансы  министри;

Сегизбаев Абдил

Кенешевич

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Дуйшенбиев  Райимберди

Сейдакматович

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы;

Ибраимов Албек

Сабирбекович

Бишкек шаарынын мэри;

Коеналиев Туруспек

Кармышевич

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу;

Курманалиев Алмазбек

Абдиназарович

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;

Субакожоева Айзада

Муратбековна

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Топоев Мар

Бекович

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы;

Максутов Жаркынбек

Бурукулович

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Султаналиев Адилет

Турганбаевич

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Бусурманкулов Эмилбек

Бурканбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иш

жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

Айдарбеков Айбек

Акматбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Стамалиева Толгонай

Турдалиевна

Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти С.Ш. Жээнбековдун өкүлү;

Мамытов Токтокучук

Болотбекович

“Кыргызстан калкы ассамблеясы” коомдук бирикмелердин ассоциациясынын төрагасы;

Карыпбеков Илим

Майрамбекович

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: