Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, МБКнын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген төмөнкү автоунааларды кармашкан:
– «Lexus 570» 1 даана;
– «Toyota Highlander» 1 даана;
– «Toyota 4 Runner» 2 даана.
Бул фактылар боюнча мамлекетик бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү 12997877 сомду түзөт. Чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ