Menu

Видео – Адвокат Канат Хасанов бийликке кайрылып, Эрболот Уметбеков деген провокаторго чара көрүүнү суранды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-апрелде “Чоң казат” кыймылынын атынан адвокат Канат Хасанов бийликке кайрылуу жасап, “коронавирус бул оюн, ишенбегиле” таризинде маалымат таратып жаткан Эрболот Уметбеков деген провокаторго чара көрүүнү суранды.

“Биз, “Чоң казат” кыймылы атайын социалдык тармактарды карап олтурсак, Эрболот Уметбеков деген жигит абдан провокациялык нерселерди жазып жатыптыр. Биз анын жазгандарына толугу менен макул эмеспиз. Анткени, анын статьяларын карап көрсөк, эч кандай коронавирус жок деп, аны “афёра” деп айтып жатат. Бул деген туура эмес. Урматтуу мекендештер, бул туура эмес. Биз деген врачтарды ташып жатабыз. Жугуштуу оорулар ооруканаларына тамак-аш таратып жатабыз. Биз дарыгерлер менен түз байланышта болгон жокпуз, бирок ал жакта эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Чынында эле коронавирус бар. Элдер инфекцияны жуктуруп алып жатат. Ушундай жигиттер (Эрболот Уметбеков) туура эмес маалыматтарды таратып жатат. Күч органдары ошол жигитке, сайтка чара колдонуп бериңиздер. Булардын үгүттөгөн иштери туура эмес. Алар эртеңки күнү элди эшикке чыгарып алалы деп жатат. Ал учурга жеткирбешибиз керек” – деп билдирди адвокат Канат Хасанов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: