Бүгүн, 29-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-генпрокурор, азыркы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага каршы биринчи соттук тескөө башталды.
Ал Жазык кодексинин “кызматын кыянатчылык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда. Анын ишин төрагалык кылуучу сот Мирлан Термечиков карайт.
Эске салсак, 2016-жылдын 26-декабрында Аида Саляновага карата кылмыш иши козголгон. Баш прокуратура жана УКМК Салянова Юстиция министри болуп туруп, 2010-жылы апрель окуясынан бери изделүүдө жүргөн Алексей Елисеевге адвокттык лицензияны мыйзамсыз узартып берген деп айыптоодо.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: Жакшылык Бердибек уулу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ