Кыргызстанда статистикалык маалыматтар жарыялангандан кийин, ага карата эч ким реакция жасабайт, башкача айтканда, тиешелүү тыянак чыгарылбайт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Азамат Арапбаев билдирди.
Анын айтымында, статистикалык маалыматтардын негизинде экономиканы колдоо боюнча чечим кабыл алынып, иш-аракеттер жасалышы керек. Мамлекеттик органдар кайсы тармакка жеңилдиктерди берип, кайсынысына кыскартуу киргизүүнү түшүнүшү үчүн, статистикалык маалыматтарды дыкат изилдеши зарыл.
“Биз инвестиция тартуу, рынокту колдоо жөнүндө көп сөз кылабыз, бирок, бул нормалдуу статистикалык маалыматтарсыз мүмкүн эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө статистикалык комитет премьер-министрдин оң колу болуп саналат. Экономика министрлиги жасаган аракеттер көзү байланган мышыктын оюнундай эле. Ал кээ бир жерлерде жеңилдиктерди берет, ал эми анын айынан кээ бир жерлерде ишкерлер жапа чегишет. Эгерде алар статистикалык маалыматтарды жакшы билгенде андай болмок эмес” – деп кошумчалайт эл өкүлү.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ