Бүгүн, 29-майда АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов Facebook социалдык баракчасына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге байланыштуу пост жарыялаган.
Анда ал, “Премьер-министр Абылгазиевдин өмүр баянын окусам, ал мени менен бир курста окуган экен, бирок ал биз менен окуган эмес, дипломду кантип алган?” деп таң калган.
https://www.facebook.com/hakimovaibek/posts/10157541778707523
Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Айбек Хакимовдун маалыматын төгүндөп, Хакимов менен Абылгазиев Кыргызстан эл аралык университетин бир убакта аяктаганын, бирок, премьер-министр магистратурада, ал эми Хакимов бакалаврда окуганын маалымдаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ