Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынан ишкердик иш жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясыз сатуу үчүн спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирет.
Алсак, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө күмөндүү акциздик маркалар менен ар кандай идиштердеги жана аталыштардагы 2 млн сомдон ашык суммада алкоголдун 50 миңден ашуун бөтөлкөсү табылып, тартып алынган.
Материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ