Бүгүн, 3-июлда Алмаз Атамбаев өзүнүн тарапкерлери менен бирдикте “Форум” ишканасынын алдында “Эски элита кетсин!” аталыштагы митинг өткөрдү.
Анда чыгып сүйлөгөн Атамбаев “Кээ бирлер айтып атат “Атамбаев кайра бийликке барыш үчүн элди топтоп жатат” деп. Мага эч кандай бийликтин кереги жок. Азыркы бийлик деле көпкө олтурбайт, эки айбы беребизби, күздөн ашпайт. Бийлик алмашканда да Атамбаев бийликке барбайт. Мен Кой-Ташта жатып алып, бийликти сындап, парламентти сындап, өкмөттү, президентти сындап туруп, ушул Мээрбекке (Мискенбаев) окшогон, Мирбекке окшогон жаш жигиттерди өстүрүшүм керек. Менин парзым ошол. Анткени азыр элитабыз деген жанагы чимкирик Рыспаевдин ордуна, жаңы, жаш, таза лидерлер келиш керек”, деп билдирди.
Ал эми митингде чыгып сүйлөгөн Атамбаевдин күйөрманы Темирлан Султанбеков деген жаш жигит “Атамбаевдин баркына жетпедик” деп, трибунадан эле боздоп ыйлап жиберсе болобу.
Булак: Kyrgyztoday.kg
Видео Шаман ТВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ