29-марттан 30-мартка караган түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 122 жаран кармалды, алардын ичинен 23 аял, 97 эркек, 2 өспүрүм жана 2 чет элдик жаран. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар: Ленин району – 32, Свердлов району – 39, Октябрь району – 38 адам, Биринчи май району – 19 адам.
Белгилей кетсек, коменданттык саат киргизилгенден бери Бишкек шаарында 739 адам кармалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ