Оренбург шаарынын транспорттук прокуратурасы Душанбеден Москвага бараткан учактын «Оренбург» аэропортуна шашылыш конгондугу фактысын иликтей баштады.
Оренбург Медиа сайтынын маалыматына караганда, учактын шашылыш конуусуна 13 жаштагы кыздын өзүн жаман сезгендиги себеп болгон. Ага Оренбург аэропортунда медициналык жардам көрсөтүлүп, эки сааттан кийин учак жолун улаган.
«Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын 216 жүргүнчүсү бар «Airbus A321» учагы «Оренбург» аэропортуна 21-август күнү эртең менен конгон. Анда учкучтар эрезеге жете элек жүргүнчүнүн жүрөгү кармагандыктан улам шашылыш конуу чечимин кабыл алганы айтылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ