Menu

Бакен Досалиева, “Аялдарды колдоо борбору коомдук бирикмесинин” аткаруучу директору: “Жаңы конуштарда зордук-зомбулук, миграция боюнча оор көйгөйлөр бар”

Бөлүшүү:

«Аялдарды колдоо борбору коомдук бирикмеси» борбор калаабыздын айланасында жайгашкан он чакты жаңы конуштардын башын кошуп, тегерек үстөл өткөрдү. Бул иш-чарага ал конуштардын көйгөйун жакындан билген аялдар кеңештери, тургундары келип, орчундуу көп маселелер козголду.

-Жакында Бишкек шаарындагы он жаңы конуштагы эң орчундуу көйгөйлөр талкууланыптыр. Бул тууралуу өз оозуңуздан уксак?

– БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу алдында ишке ашырылып жаткан иш-чараларды жыйынтыктоо үчүн тегерек үстөл өткөрдүк. Бул  долбоордо Бишкек шаарындагы: Энесай, Ак-Бата, Бакай-Ата, Ак-Тилек, Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Жеңиш жана Көлмө жаңы коңуштарынын аялдар кеңешинин жана коомдук алдын алуу борборлорунун дараметин көтөрүү, колдоо, көйгөйлөрүн чечүү маселеси көтөрүлдү. Мында биз «коомдук алдын алуу борбору жана аялдар кеңеши кандай иштеп жатат?» деп изилдөө жүргүздүк. 2006-2007-жылдары коомдук алдын алуу борбору ички иштер министрлигинин участкалык инспекторуна жардам катары түзүлгөн экен. Бул коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгү мыйзам менен да бекитилген. Биздин шаардык мэрия тарабынан бир аз кеңсе буюмдары берилип, колдоого алынып, жакшы иштеп башташкан. Мындай тажрыйба Ысык-Көлдө ж.б. жерлерде да болуп, алар кылмыштуулук кыскарган ийгиликтүү көрсөткүчтү беришкен. Ошондуктан мындай ийгиликтүү тажрыйбаны дагы жайылтуу керек болчу. Бирок бул демилге, жакшы иш унутта калып бараткандай. Кийинки учурда, 2018-жылы биз изилдөө жүргүзгөнгө чейин бул коомдук институттар кагаз жүзүндө гана калышкан. Анда-санда гана ички иштер министрлиги же мэрия тарабынан отчет катары статистикалык маалыматтар суралса, аксакалдар сотунун иш-чаралары менен гана кутулуп коюшкан.

– Социалдык көйгөйлөр курчуган кезде коомго абдан керектүү экен…

– Чындыгында ушул коомдук алдын алуу борбору жана аялдар кеңеши эң керектүү коомдук институттар. Бул институттун иштешине ички иштер министрлиги да кызыкдар. Булардын эң негизги милдети – өздөрү жашаган жаңы конуштун коопсуздугун алдын алуу, ошол жердеги тынчтык маселеси. Чыр-чатактар болуп калса, аны чечүү боюнча иш-чараларды өткөрүү.

– Коомчулуктагы, конуштардагы кандай коопсуздуктарды баса белгилеп айтсак болот?

– Уурулук абдан күч алды. Ар кандай кылмыштар орун алат. Экстремисттик диний агымдар, баңгилер, токсикомандар, үй-бүлөдөгү жана балдарга карата зордук-зомбулук көйгөйлөрү көп кездешет. Убактылуу курулуш жумушуна келген тажик, өзбек улутундагы жарандар дагы ар кандай коопсуздуктарды жаратат экен. Ушул көйгөйлөрдүн баарын алдын алуу боюнча жогорудагы эки институт жакшы иш алып барат.

«2018-жылдан кийин биз кандай жетишсиз жактар, кейгөйлөр бар экенин тактап алып, анан алар менен ар түрдүү семинарларды өткөрдүк. Алардын демилгесин колдодук, беш коомдук бирикменин түзүлүшүнө жардам бердик. Аялдар кеңештерине жакшы иш алып баруу үчүн жобо жана методикалык колдонмо иштеп чыктык. Бул коомдук институттар Кыргыз Республикасынын жана эл аралык адам укугу жаатындагы мыйзамдардын негизинде иш жүргүзүүнү, мыйзамдын тили менен сүйлөөнү,чыр-чатак, конфликттин теориясын жана анын чечилчү жолдорун, медитация жана анын кантипколдонуу, иш-чараларды уюштуруу жана пландоо, тынчтыкты туруктуу сактоодо аялдардын катышуусунун мааниси жөнүндө, жергиликтүү жана мамлекетгик бийлик менен өз ара аракеттенүү темасында маалымат алышты. Зордук-зомбулукка тиешелүү көп темадагы маалыматтарды берүүгө аракеттендик” дейт долбоордун координатору.

Мигранттардын балдары жөнүндө иш-чараларды, мектеп окуучулары менен эрте нике боюнча дебаттарды, үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулук боюнча иш-чараларды өткөрүштү. Өздөрү да жасаган иштерине ыраазы болушуп, мындан ары дагы алдыга план коюшуп, коомчулук менен иштөөгө белсенип калышты.

– Негизи эле жаңы конуштарда аялдар кандай маселелер боюнча көп кыйналышат? Аларга кандай жардам бересиздер?

– Кароосуз калган мигранттардын балдары, эрте нике, үй-бүлөлөрдөгү түрдүү зордук-зомбулук көйгөйлөрү ар бир жаңы конушта бар. Ал жактын тургундары биз аркылуу эмес, өздөрүнө өздөрү жардам бере ала турган дарамети пайда болду. Көйгөйдү чечүүгө белсенип, ар кандай иш-чараларды өткөрө башташты. Бул иш-чаралардын алкагында ата-эне менен балдардын мамилесин чыңдоого, үй-бүлөдөгү жана коңшулар ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, ошондой эле мигранттардын балдарына зомбулук көрсөтүүнүн терс таасирлери жөнүндө маалыматтар берилди.

Учурда ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле солгун. Кайда болбосун биринчи акча, материалдык кызыкчылык баалуулугу көтөрүлүп, балдардын, үй-бүлөнүн баалуулугу төмөндөп кеткен. Ошондуктан ортолорундагы мамилени бемдөө үчүн чака чапмай, аркан тартмай, футбол оюндарын, жеткинчектер үчүн ар кандай конкурстарды уюштуруп, жакшы саамалык башташты.

Ушул убакка чейин зордук-зомбулук коопсуздук таратарын эч ким ойлонбоптур. Мындан ары ойлонуп, ал жактагы тургундар ичкиликке берилип кеткен адамдардын ичкилигин токтотуп, материалдык абалдары оңоло баштаганын айтышты. Кээ бир жетим балдарды балдар үйүнө орноштурушту. Өздөрү чуркап мэрияга барып, мыйзам тилинде өз көйгөйлөрүн жеткизе алышты. Алардын айтымында, аялдар үчүн үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана иш менен камсыз болуу маселеси курч.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: