Menu

“Мыйзамдагы ууру” жана “шнырь”

Бөлүшүү:

Өткөн дем алыш күнү экс-депутат Ахмат Келдибеков уулун үйлөп, чоң той берди, бирок ал тойго “динозавр” саясатчылардан, көмүскө бизнестин өкүлдөрүнөн тартып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да катышып, чынында тойго окшобой эле чоң саясый шоуга айланып кеткенин билермандар белгилөөдө. Мына, мен баары менен жакшымын дегенди көрсөтүш үчүн Совет доорундагы партократ, 2010-жылы бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн камалган Үсөн Сыдыковдон тартып, Акаев доорунун коррупционери катары камалып чыккан Мурат Малабаев, Атамбаев коррупционер деп кыйкырып жүргөн Раим Матраимов, Балыкчы-Корумду жолундагы коррупцияга шектелип, премьер-министрлик кызматынан куулган Темир Сариев, кримдүйнөнүн көрүнүктүү өкүлү Эркин Мамбеталиев сыяктуу ондогон “дөө-шааларды” чакырып, элге көрсөткөнү саясый шоу болуп калды дешет. Биз бул фактыны комментарийлеп берүүнү суранып, өмүр бою уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшкөн милициянын генералына (кызматтык белгилүү себептерден улам аты аталбайт) кайрылдык.

-Урматтуу генерал, эмне үчүн азыр баары аралашып кетти? Депутат, спикер болгон адамдар элден тартынбай, кримдүйнөнүн өкүлдөрү менен кучакташып, ачык эле аралашып жүрүп калды?

-Мунун баары Атамбаев мамлекетти ушинтип эле башкара берсе болот, кримдүйнө менен оппоненттерди коркутуп, элди баш көтөргүс кылса болот деген тар түшүнүгүнөн башталды. Өз билемдик кылып “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди эркиндикке чыгарып жиберди. Башка авторитеттерди боштондукка коё берди. Анан албетте саясатчылардын айрымдары кримдүйнө менен дос болууга жанталаша баштады. Ахмат Келдибеков да 2011-жылы спикер кызматында расмий туруп, Караколдогу “Каприз” лыжа базасында “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев менен бирге эс алганы билинип калып ызы-чуу чыкпады беле. Азыр саясатчылар кримдүйнөдөн аябай коркушат. Анткени мамлекет аларды кримдүйнөдөн коргобойт. Кримдүйнө азыр реалдуу күч. Ошондуктан саясатчылар кримдүйнөнүн өкүлдөрү менен достошууга, алар менен болгон достугун элге көргөзүүгө аракет кылышат.  Силер айткан тойдо да ошондой учур болгон. Той ээси “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевди, кримдүйнөнүн өкүлү Эркин Мамбеталиевди тойго чакырып, өзүнүн алар менен болгон жакшы мамилесин элге көрсөткүсү келген. Бирок Камчы Көлбаев келген эмес, Эркин Мамбеталиев келген. Биздин маалымат боюнча ал 5-6 жан сакчылары менен келген. Бирок, кримдүйнө буга башкача көз менен карайт. Алар саясатчылар, “маслокраддар”, “шнырлар” менен эч качан дос болбойт. Аларды досум деп атабайт, эсептебейт.  Ахмат Келдибеков “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевди же Эркин Мамбеталиевди канча жолу досум деп атаса да алар үчүн Келдибеков “маслокрад” же “шнырь” бойдон кала берет.  Бир СИЗОдо же камерада “вор” менен олтуруп калганы, тааныштыгы, жакшы мамилеси “маслокрадга” эч кандай жеңилдик алып келбейт. “Маслокрад” абакка түшкөндө “вор” менен тааныштыгына карабастан сөзсүз түрдө “общакка” өз дүнүйө-мүлкүнүн 10%ын бериш керек. “Авторитеттердин“ камераларын евроремонт кылганга, телевизор, муздаткыч сыяктуу турмуш-тиричилик буюмдары менен камсыз кылууга, зонага тамак-аш киргизүү, жылкы союу сыяктуу милдеттерден кандай гана “маслокрад” болбосун бошотулбайт.  Акыркы жылдарда камалган саясатчылардын дээрлик бардыгы мындайларды төлөп чыгышты. Ошондуктан камалып чыккан саясатчылар кылмыштуу дүйнөнүн авторитеттерин досум десе ишенбегиле. Ал болгону анын “шныры”. Авторитет эч качан “шнырь” менен дос болбойт. Эгер авторитет “маслокрадды” же “шнырды” досум десе ал үчүн кылмыштуу дүйнөнүн мыйзамдары боюнча сурак бар. Биз билгенден белгилүү эле бир “маслокрад” абакта бир авторитет менен кошо жатты. Жалпы чыгымдардан башка да “маслокрад” күндө эрте менен саат 11ге  авторитетке “Навигатор” ресторанынан  кымбат  тамактарды заказ берет. Кечинде үйүнөн тамак жасатып алдыртат. Ошентип авторитет менен бир камерада жатканы бул кошумча гана чыгым, эч кандай достук жок. Албетте кечке сүйлөшүп жатышат, сыртынан караганда жакшы, дос мамиледей көрүнүшү мүмкүн, бирок, авторитет үчүн саясатчы “шнырь” бойдон кала берет. Эч качан андан жогору көтөрүлбөйт. Дагы бир мисал, “Катта” деген каймана аты бар бажычы бир жерде “Мен “Коля-киргиз” менен досмун” деп айтыптыр, “Коля-киргиз” жакшы мамиле кылып койсо эле дос болуп калбайт. Ал мамиле убактылуу эле, анткени “воровской закон” боюнча “Коля-киргиз” үчүн “Катта” накта “маслокрад”, “шнырь”. Булар бири-бирине кайнаса каны кошулбай турган касталар. Анан да “Коля-киргиздин” апасынын 70 жылдык юбилейине барып катышып, куттуктап келген министрлер, депутаттар да өздөрүн “Мыйзамдагы уурунун” досумун деп жүрүшөт. “Воровской закон” боюнча алардын баары “маслокраддар” жана “шнырлар”, ал эми “Коля-киргиз” “воровской законду” бузуп, аларды өзүнө дос кыла албайт. Ошондуктан “шнырлар” өз ордуларын билиш керек.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: