Menu

Тайырбек Сарпашев улуттун убалына калдыбы?

Бөлүшүү:

Кезинде Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрлик кызматына чейин жеткен, кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп ызы-чуу менен кызматтан кеткен Тайырбек Сарпашевди унута элексиңер да. Бул жигит саясаттан тажап, таптакыр көңүлү калыптыр. Ан үстүнө өмүрүндөгү эң чоң катачылыгы катары улутка асылып, паспорттон аны чийип салууга чейин кол салганы болду окшойт. Бүтүндөй бир улуттун убалы уруп кетүү деген коркунуч оюна келди бекен ошондо. Же Сарпашевдеги баардык ыйыктыктарды акча жууп кетти беле? Баса, Тайырбек мырзанын кайрадан саясатка келүү азырынча оюнда жок, кайрадан жанданган соттук ишин бүтүрүп алуу санаасында. Анын үстүнө саясаттан тажаптыр. Тажайт да, «ураалатып» алдыгасалып алышып, өз миссиясын аткаргандан кийин четке сүрүп койсо. Дегенибиз, Тайырбек мырза кезинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасын кынтыксыз аткарып, ал кишинин арыгын жакшы эле чапкан. Кийин сыртка сүрүлүп калган жайы бар. Анын үстүнө бир кезде козголуп, кайра «таасирдүү» адамдардын күчү менен жабылган кылмыш иши жанданып бушайман кылууда. Бир кездеги «шефи» Жантөрө Сатыбалдиевдин жанына барып калбаймынбы деп жүрөгү дүкүлдөп атса керек да.

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: