Өзбекстанда таажывирус илдети менен жабыркагандардын саны 45ке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Мааламатка караганда, жабырлануучулар чет өлкөдөн келген жарандан вирус жуктуруп алышкан.
“Сутка ичинде коронавирус менен 2 адам жабыркаганы аныкталды. Алар чет өлкөдөн келген жаран менен байланышта болгон”,- деп айтылат маалыматта.
Өзбекстанда зарыл болгон учурда көчөгө чыккан жарандарга медициналык бет кап кийүү милдеттендирилген. Бүгүнтөн баштап бет кап тагынбай көчөгө чыккандарга айып салынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ