Мурдагы каржы министри Ольга Лаврованын Кыргызстандан чыгып кеткени айтылууда. Коомчулукта бул жагдай кызуу талкууланып, Ольга айымды бийлик качырды деген шектенүүлөр өкүм сүрүүдө. Анткени ТЭЦ чырына байланыштуу козголгон кылмыш ишине күнөөлөнгөндөрдүн алды 6-7 жылга кесилип, арты премьер-министр Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Кубанычбек Кулматовдун иши сотко өттү. Дал ушул маселеге түздөн-түз тиешеси бар болгон Ольга Лаврова сурактан тышкары калганы табышмак жараткан. Себеп дегенде ТЭЦти жаңылоо боюнча долбоордун каржылык маселелеринин баарына ошол учурдагы каржы министри Ольга айым жооптуу болуп кол койгон. Бирок тергөө органдары бул жагдайга такыр көңүл бурушпаганы күмөн ойлорго жем таштаган. Эми минтип качып кеткени чын болсо ТЭЦтеги чыр адилет иликтенбей, саясий өңүттөн мамиле жасалып жатат деген сөздөрдүн бышыктыгын туюнтат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ