Menu

Өзбекстанда Билим берүү министрлигинде иштеген бардык жетекчилер бошотулду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов 25-июнда башкармалыктардын жана борбордук аппарат бөлүмдөрүнүн бардык башчыларын жумуштан бошотту.

Жергиликтүү басылмалар бул чечим президент Шавкат Мирзиёевдин министрликтеги кадрдык курамды жаңыртуу тапшырмасынын негизинде кабыл алынганын жазышты.

Кызматкерлер менен жолугушуу учурунда Шерзод Шерматов министрликтин иши мындан ары үч негизги принципке – сапат, акыйкатуулук жана ачык-айкындуулукка негизделерин белгиледи.

Быйыл 20-июнда 2013-жылдан бери элдик билим берүү минстри болуп иштеген Улугбек Иноятов кызматтан алынган. Анын ордуна министрдин инновациялык өнүгүү боюнча орун басары Шерзод Шерматов дайындалган.

Мындан тышкары министрдин бардык орун басарлары бошотулган.

21-июндагы видеоселектордук жыйында премьер-министр Абдулла Арипов облус, шаар жана район башчыларына кайрылып, мектеп директорлорун ар кыл иш-чараларга чакырууга тыюу салган. Мындан ары мектептер түзмө-түз Элдик билим берүү министрлигине баш ийишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: