Бүгүн, 20-августта саат 09:00дө Бишкектин Биринчи май райондук соту КР УКМКнын имаратында көчмө отурум өткөрүп, абакта жаткан Алмаз Атамбаевдин баш коргоо чарасын карады. Бул тууралу адвокат Замир Жоошев билдирди.
Акыркы маалыматтар боюнча сот Алмаз Атамбаевди дагы 2 айга, 26-октябрга чейин камакта калтырган чечим чыгарды.
Жакындарынан аны колдоо иретинде бүгүн УКМКга биринчи аялынан улуу уулу Сейит Атамбаев келгени айтылууда.
Эсиңиздерге сала кетсек, укук коргоо органдары Алмаз Атамбаевди 8-августта куралдуу каршылык көрсөткөнүнө карабай кармап келип, 9-августта сот 26-августка чейин камакка алган болчу.
Алмаз Атамбаев “Адам өлтүрүүнү уюштуруу”, “Бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү”, “Коррупция” өңдүү 14 кылмышка айыпталып, камакка алынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ