Menu

Мурашевдин картошка, буудай менен иши деле жок

Бөлүшүү:

Айыл-чарба министрлиги дыйкандарга жардам бере албасы, жөн гана дыйкандардын эккен айыл чараба азыктарынын эсебин гана алып, ошонун негизинде гана иш жүргүзүмүш этип келатканы эчактан элге маалым. Бул министрликтин аты эле бар, заты жок. Жок дегенде дыйкандарга жазында айыл чарба азыктарынын кайсы түрүн көп айдашы керектиги тууралуу алдын -ала маалыматтарды бергенге да жарабайт. Дыйкандар күздө буудай, же картошка кымбат болот деп жазында өкүртө эгишет. Бирок күздө буудайың да, картошкаң да текейден арзан болуп калат. Маселен, ушундай эле көрүнүш – быйыл да Кыргызстандын дыйкандары үчүн кайталанып турат. Кыргызстан боюнча Кочкор эли картошканы эң көп айдашат. Быйыл да жылдагыдай көп айдап салып, баанын арзандыгынан улам учурда сата албай турушат. Ушу тапта картошка 5 сомго түшүп кетиптир. Ал эми буудайдын баасы Кыргызстан боюнча араң 7-8 эле сом. Министр Мурашевдин болсо буудай, картошканын баасы менен деле иши жок. Кызматтан алып ыргытып жиберишпесин деп эле, көчүгүн бүлкүлдөтүп эле олтурат окшобойбу.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: