Кечээ Ош шаарында селге агып кетүү коркунучунда калган кызды ӨКМнын кызматкерлери сактап калышты. Маалыматтарга караганда 18-апрель күнү саат 18:32 чамасында нөөмөт бөлүмүнө Өзгүр айылынын тургуну Рысбек Жумабаев деген жаран телефон чалып, сел жүрүп жаткан аймакта бир кыз калып калганын билдирген. ӨКМ кызматкерлери өз убагында жетип, 1993-жылы туулган Базарова Зарина аттуу кызды кооптуу аймактан алып чыгышып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Эске салсак, кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдан улам өлкөбүздүн көп жерлеринде сел жүрүп, мал-жандыктарга жана турак жайларга зыян келтирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ