Menu

Манас районуну баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев: Жаштарыбыз бош убактысын текке кетирбей, ден соолуктарын чыңдап спорт менен алектенсин

Бөлүшүү:

Талас облусуна караштуу Манас районунда жайгашкан Үч – Коргон айылында заманбап, бардык талаптарга жооп берген кичи футбол аянтчасы курулуп, анын ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ачылыш аземине Үч — Коргон айылынын башчысы Мелис Акматов, Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев, айыл аксакалдары жана тургундары катышышкан.

Футбол аянтчасы жергиликтүү жаштардын жана ишкер айым Базилова Уулкан тарабынан ишке ашырылган. Жалпы курулуш ишине 3200000 сом сарпталган.

“Айылдын жашоочулары жана келечектеги спортчулар үчүн курулган аянтчабыз элибизге жакшылык алып келген, берекелүү, жемиштүү болсун. Жаштарыбыз бош убактысын текке кетирбей, ден соолуктарын чыңдап спорт менен алектенсин”,- деди Миржалал ажы Дадабаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: