Menu

Тармактык комитет энергетика жаатындагы бир катар ишканаларды мамлекеттин карамагына алуу боюнча макулдашуу тобун түздү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети юридикалык карама-каршылыктарга байланыштуу өкмөттүн «Улуттук энегетикалык холдинг компаниясы» акционердик коомун түзүү демилгесинин алкагында энергетика жаатында иш алпарган бир катар ишканаларды мамлекеттин карамагына алуу демилгесин колдогон жок. Ошондон улам, курамы баардык фракция өкүлдөрүнөн турган макулдашуу тобун түзүлгөнүн парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашу тобуна депутаттар Акылбек Жапаров («Бир Бол»), Азамат Арапбаев (КСДП), Гүлшат Асылбаева («Өнүгүү – Прогресс»), Салайдин Айдаров («Кыргызстан»), Айсулуу Мамашева («Ата Мекен») кирди. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү да тартыла турганы белгилүү болду. Макулдашуу тобу ишканаларды мамлекеттин карамагына алуунун мыйзамдуу жолдорун иликтеп чыгып, өз корутундусун берүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, өкмөттүн «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун долбооруна ылайык, мамлекеттик компанияларды башкаруу тутумун жакшыртуу максатында, тармактар боюнча улуттук холдинг компанияларын түзүү планы иштелип чыккан. Ушу тапта өлкөнүн энергетика тармагында иштеген 9 акционердик ишкананы бир компаниянын алдына бириктирүү чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин 100 пайыз акциясы мамлекеттин карамагында турган «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коому түзүлгөн. Азыркы учурда анын энергетика компанияларындагы мамлекеттик акцияларынын пакетин башкарууга укугу жок. Ошондон улам, мамлекеттин акцияларын «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун уставдык капиталына өткөрүп берүү зарыл. Ал үчүн Жогорку Кеӊештин макулдугун алуу керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: