Menu

Тажикстанда Рахмондун мамлекет башчылыкта түбөлүк калуусуна жол ачкан референдум өттү

Бөлүшүү:

Тажикстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун жыйынтыктары бүгүн белгилүү болот.

Борбордук шайлоо комиссиясы референдумду өттү деп жарыялады. Себеби кечээ күн жарымында эле жалпы шайлоочулардын 66 % конституциялык укуктарынан пайдаланган.

Референдумдун натыйжасында Тажикстандын Конституциясына 41 өзгөртүү киргизилүүдө.

Алардын эң башкысы – президент Эмомали Рахмондун мамлекет башчылыкта түбөлүк калуусуна жол ачуу, президенттикке талапкердин эң ылдыйкы жаш курагын 35тен 30га түшүрүү. Бул президент Рахмондун 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалинин бийликти атасынан өткөрүп алышына жол ачат.

Ошондой эле Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүгө ылайык, Тажикстанда эми диний негизде партия курууга жол берилбейт. Былтыр өлкөдө бийликке оппозицияда жүргөн Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: