Menu

14-ноябрь күнү “Мисс Кыргызстан 2018” официалдуу сулуулук сынагы өтөт

Бөлүшүү:

Бишкектеги “Ак Сарай” ресторанында 14-ноябрь күнү 18:00дө “Мисс Кыргызстан 2018” официалдуу сулуулук сынагы өтөт.

Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл-аралык «Miss World» сынагынын уюштуруучулары жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда өтүп жатат.

Сынактын катышуучулары акысыз катышууда, алардын чыгымын демөөрчүлөр жана өнөктөштөр төлөп жатышат. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Карина Джаныбекова билдирди.

Иш-чаранын башталышында катышуучулар кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана сыйлуу коноктор менен биргеликте кызыл килемден өтүшөт.

«Мисс Кыргызстан-2017» сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова бул сынакта татыктуу жеңген кызга таажысын өткөрүп берет. Биринчи орунду алган кыз “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо алат, калган бардык катышуучуларга баалуу белектер берилет.

Сынак ачык-айкын өтөт, бааны көз-карандысыз калыстар тобу коет. Уюштуруу тобу КРнын Маданият маалымат жана туризм министринин буйругунун негизинде түзүлгөн.

Султанбаева Айнура Жолдошбековна – КРнын Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары

Абакиров Эльдар Курманбекович – Экономика министринин орун басары Куламбаева Асель Мундузбаевна – Бишкектин вице-мэри

Ноорузбаева Бактыгуль Шабдановна –КРнын Маданият маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы депортаменттин жеьекчиси

Асанбаева Айнура –КРнын Маданият маалымат жана туризм министрлигинин пресс-секретары

Бегимай Карыбекова «Мисс Кыргызстан 2017» сынагынын жеңүүчүсү Джаныбекова Карина «Азия Молл» СБнын өкүлү «Dm Exclusive» компаниясы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: