Menu

Жалал-Абадда мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырууга даярдыктан өтүштү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин кызматкерлери быйылкы жылы кирешелери боюнча декларация тапшыруу үчүн даярдыктан өтүштү. Шаар мэриясынын кичи жыйындар залында өткөн семинарга шаардагы мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмаз Аккозуев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кадр кызматынын иш планына ылайык жыл сайын аталган кызмат тарабынан декларация тапшыруу компаниясы жүргүзүлүп келет. Ага карата даярдык иштерин жүргүзүүнүн мааниси зор.

-Бүгүнкү семинарды уюштуруунуун негизги максаты декларациялык компанияга практикалык даярдык көрүү болуп саналат. Бул компания 2017-жылдын 1-февралынан 1-мартына чейин жүргүзүлмөкчү. Ушул компанияда кайсыл катмардагы мамлекеттик кызматкерлер, муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырыш керек, ошондой эле декларация өзүндө эмнени камтыйт, эмнени жазыш керек, мөөнөттөрү жөнүндө да түшүндүрмө берип жатабыз. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын декларацияга жооптуу кызматкерлери эмне иш аткарыш керек болсо, ошол тууралуу да бүгүнкү семинарда кеңири маалыматтар берилди. Мындай семинар республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге жыл сайын өткөрүлүп турат, –  дейт А. Аккозуев.

zha-munitsipial-kyzmat

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: