УКМКнын СИЗОсунда жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев кат жазып, анда мурунку мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен достошкондон кийин алган сабактары жөнүндө айтып берди. Анын кайрылуусу Фейсбук социалдык тармагында тараган.
Адвокат Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасында экс-президент мындай катты жазууну чечкендигин, анткени акыркы күндөрү Атамбаевдин Жээнбековдон өч алгысы келгени тууралуу кептер тарагандыгын билдирди.
“Акыркы күндөрү “Атамбаев Сооронбайдан өч алууну эңсейт экен” – деген маалыматтар эл арасында тарап жатат. Бул тууралуу гезиттен окуп билген Алмазбек Атамбаев, өз ойлорун төмөндөгү тексте билдирет”, – деди Жоошев.
Алмазбек Атамбаевдин жазган каты:
“Кээ бирде көчөдө басып баратып байкабай бок-сак тепселеп аласың. Анан эптеп таманыңды жолго сүртүп алып, ары басып кетесиң. Мен үчүн “Соке дос” өмүр жолумда жолуккан ошондой бир ыплас нерсе. Ага убакыт коротуштун эми кажети жок. Өмүрдү жакшы нерселерге арнаш керек. Аны ансыз деле мезгил да, Кудай да жазалайт. “Соке дос” тарыхта саткынчылыкты, эки жүздүүлүктү, уурулукту норма кылган сасык бир саясатчы катары калат. Азыртадан эле эл арасында “Кудай Сокедей достон сактасын” деген сөз айтылып калды. Мындан жаман жаза ал үчүн да, урпактары үчүн да жок“.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ