Menu

Эски өкмөттүк аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги отурумунда депутаттар борбор калаанын райондорунун бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө маселени көтөрүштү. Муну алар отурумдун “ар кандай маселелер” бөлүмүндө карашты.

Демилгени көтөрүп чыккан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Рысбай Аматов “Проспекттерди жана аллеялардын атын өзгөртүү” жөнүндө тоутомго ылайык,  аталган маселени кароо БШКнын компетенциясына кирбесин белгилеген. Ал аталган маселе тууралуу катты Бишкек шаардык кеңешинин атынан Өкмөткө жөнөтүүнү сунуштаган.

Башка депутат Свердлов районунуна Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин атын ыйгаруу жөнүндө сунуш кылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Турдакун Усубалиевдин атын борбордун көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу жөнүндө демилге көтөрүлгөн.

КСДП фракциясынын депутаты Валентина Лисниченко көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө киргизилген мораторий бар экенин эске салган.

“Биздин шаарда эки чоң аянт  бар. Алардын биринин аты жок, биз аны Эски аянт деп атайбыз. Келгиле ага Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө маселени карап көрөлү” – деп билдирген ал.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: