Эл аралык олимпиадалык комитет Спорт арбиртаждык соту тарабынан акталган орусиялык 28 спортчунун 15ин Пхёнчханда өтө турган оюндарга чакыруудан баш тартты.
Уюмдун сайтында маалымдалгандай, кеп 15 атлет жана эки машыктыруучу – Альберт Демченко менен Сергей Чудинов жөнүндө болуп жатат.
Эл аралык олимпиадалык комитет спорчулар кайра текшерүүдөн өткөндөн кийин деле алар тыюу салынган препараттарды колдогон деп шектенишүүдө. Сочи Олимпиадасындагы допинг-пробаларды кайра тешкерип чыккан комиссия орусиялыктардын айыптуу экенин аныктоо үчүн жетиштүү деңгээлде далил таба алган жок. Себеби аларды тиешелүү материалдар менен камсыздашкан эмес, деп түшүндүрдү комитеттен.
Күн мурун эл аралык олимпиадалык комитеттин башчысы Томас Бах Спорт арбитраждык сотунун (CAS) 28 орус атлетин актоосу күтүүсүз болгонун билдирген. Ал бул чечим спортчулар мындан ары Олимпиадага чакырылат дегенди билбирбей турганын баса белгилеген.
Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада 9-февралда башталат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ