“Өмүрбек Текебаев бүгүн дагы элди бузуп, туура эмес жакка үндөп, “Ханституция түзүп жатат”, “Садыр Жапаров узурпация кылган жатат”, “диктатура орноткон жатат” деп, Конституциянын “к” тамгасын дагы түшүнбөгөн жаш балдарды, кыздарды сүйлөтүп, кафеге отуруп алып бирден кабыл алып, аларды ар кайсы жактарга жиберип жатат. Мындай бузукулукту Текебаев токтотушу керек” – деп билдирди КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаров түндө жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып.
“Мен муну айтпаска аргам жок. Муну айтууга мажбур кылып жатат. Эгер коомчулук көтөрүлүп кете турган болсо, анда аягы чатак болот. Ошон үчүн андайга барбашыбыз керек” – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ