Menu

Малик Нурдинов, комендант: “Эгерде кимдир бирөө башка жактан келип, коронавируска анализ тапшыргандан качып жүрсө, бизге кабарлагыла”

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов онлайн-брифингде жарандардан келген суроолорго жооп берди.

Анда комендантка “25-марттан тарта дарыгерлерден түзүлгөн топ коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондорду, үй карантининдегилерди массалык түрдө текшерүү иштерин жасай баштады, ага каршы болгондор барбы?”,- деген суроо келген.

“Дарыгерлердин өзүлөрүнүн алгоритми бар экен. Башка жактан келген адам биринчи күндөн тартып эле өзү анын үй-бүлөсү кошо текшерүүдөн өтүшөт. Бүгүнкү күндө анализ тапшыргандан баш тарткан адамдар жок. Эгерде дарыгерлер текшерилүүдөн баш тарткан адамдар жөнүндө айтса, ички иштер орган кызматкерлери барып ал адамды ооруканага алып келебиз. Анткени маселе ошол анализ тапшырбай койгон адамда эле эмес, бүтүндөй бир айыл же район жөнүндө маселе болуп жатат. Андай кайдыгерликке жол бербейбиз. Мен ачык эле айтайын. Өткөндө 15 күн мурун бир үй-бүлөнүн жаранын дарыгерлер текшергени барганда ал баш тарткан экен. Анткени анын тууганы коронавирус жуктуруп алган. Биз атайын карантиндин эрежесин сактап, ички иштер орган кызматкерлери барып, мыйзам чегинде талап коюп, обсервацияга жаткырганбыз. Мына бүгүнкү күндө жакшы болуп үйүнө чыгарылды. Ушул учурдан пайдаланып айткым келет, эгерде кимде ким ушундай башка өлкөдөн келип, анализ тапшыргандан качып жүргөн жарандар жөнүндө билсе бизге маалымат берип коюңуздар. Биз дарыгерлер менен чоогу ошол кишинин үйүнө барып текшергенге милдеттүүбүз”,- деди комендант.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: