16-январда Самарканд облусунун Пахтачи районунда мыйзамсыз алтын чайкаган бир нече кишини “Каракутан” шахтасында таш басып калды. 34 жаштагы бир киши өлгөнү кабарланууда.
– Такталбаган маалыматтар боюнча кароосуз калган кенден дагы бир шахтачынын сөөгүн алып чыгышканы айтылууда. Шахтада элүүдөй киши болгон. Алардын ичинен отузу аман-эсен жердин үстүнө чыгышкан. Калгандарынын тагдыры белгисиз. Учурда жергиликтүү жашоочулар куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө. Милицияга бул тууралуу расмий кабар беришкен эмес, – деди өз булак.
Пахтачи районунун администрациясынын кызматкери бул окуяны тастыктады.
– Бизде мындай учурлар көп эле болот. Алтын казып иштегендердин туугандары укук коргоо органдарына же куткаруучуларга кайрылышпайт, себеби бул иш мыйзамсыз. “Махалля” фондунун активисти 17-январда чын эле бир киши шахтанын ичинде калып өлгөнүн айтып берди. Мендеги маалыматтар боюнча дагы төрт киши ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен экөөнүн абалы оор деп жатышат, – деди ал.
Маал-маалы менен күч түзүм органдары бул аймакта күтүүсүз тинтүү иштерин жүргүзүп, алтын чайкоочу жабдууларды алып коюшат. Бирок кенчилер бираз убакыт өткөрүп, мыйзамсыз алтын табуу үчүн 80-100 метр тереңдиктеги шахталарга киришет. Кенден алып чыккан таштарды көмүскө цехтерде чайкап, алган алтындарын дагы жашыруун түрдө сатышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ