“Биз гана эмес, бардык кыргызстандыктар президенттин кайда экенине кызыгышат”. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.
«Анын өзүн ушундай алып жүргөнү жаңылык эмес. Кыйын кырдаалда ал ар дайым көзгө көрүнбөйт. Кечээ анын укуктук талаага кайтып келүүгө чакырганын окудум. Буга чейин укуктук талаага кайтып келүү керек болчу жана ал ар дайым: “Мага фактыларды бергиле” – деп айтат, – деди Адахан Мадумаров.
Буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында экенин анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ