Menu

Шайлоо астында Үңкүр-Тоону талашуу Мирзиеевге аброй апкелмек эмес

Бөлүшүү:

Өзбек аскерлери Үңкүр-Тоодон чыгып кетиши убактылуу болушу мүмкүн. Себеби, учурда Өзбекстан президенттик шайлоого даярданып, саясый чоң иш-чаранын алкагында коңшу өлкө менен тирешип турушу кооптуу көрүнүштү жаратып, түпкүлүгүндө аброй апкелмек эмес. Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеев өзү да хан такты үчүн негизги атаандаш болуп атса, мындай шартта ички жана сырткы саясатка кылдат мамиле жасоо менен бийлигин чыңдап алуусу зарыл. Андыктан, азырынча биз менен чек ара чырына барбайт. Качан гана Мирзиеев президенттик шайлоодо атаандаштарын утуп, кызматына расмий киришкенден кийин Үңкүр-Тоо маселесин козгошу ыктымал. Ага чейин биздин бийлик эрдемсип кетпей, далилдүү документтерди тактап, өз жерибизге ээ болуш үчүн ынанымдуу аргументтерге таянышы шарт. Негизи жер чатагы эки элдин президенттеринин сүйлөшүүсү менен гана чечиле турганын эсибизден чыгарбасак.

Мурат ТАЙБАСОВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: